Биздин бейтапканада дартты аныктоо үчүн текшерүү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
В офтальмологическом лазерном центре имеется возможность раннего выявления глазных заболеваний и, в случае необходимости принятие меры по профилактике возможных осложнений, связанных с беременностью!
Topo-LASIK-SBK (Contoura Vision) — өзүнө көздүн айнек челинин тилимдерин микрокератомдор менен калыптандырууну жана процедуранын коопсуздугу үчүн көздүн айнек челинин калыңдыгына тийгизбестен көзөмөлдөө менен көрүүнү лазер менен тууралоону камтыган технология. Мындай ыкма менен иштөө жагында топтолгон ири тажрыйбалардан жана анын калк арасында кеңири таралышынан улам, бул ыкма өтө кымбат турган операцияларга альтернатива болууда.
Катарактаны хирургиялык жол менен гана алып салууга болот! Бүгүнкү күндө заманбап ыкма болуп — бул катарактаны лазер жана хирургиялык ультрадобуш аппараттарынын жардамы менен алып салуу жана жасалма көз чечекейин жалгаштыруу (имплантация) — интраокулярдык линза (ИОЛ).
Биздин бейтапкана заманбап факоэмульсификатор AlconCenturion™ менен жабдылган, жасалма көз чечекейи катары Индия, Швейцария жана Америка мамлекеттери өндүргөн ИОЛ тандоого кеңири сунушталат.