Кезектеги текшерүүдөн кийин кайсы бир себептер менен сизге көрүүнү лазер менен курчутууну жасоодон баш тартышса, убайым тартуунун керек жок. “ASTANA VISION“, “ALMATY SMILE VISION” клиникада сиздин кыялыңызды рефракция аномалиясын АКШ мамлекети өндүргөн (ФИОЛ ICL) StaarSurgical фирмасынын Visian ICL факия линзаларын жалгаштыруу менен орундатууга мүмкүнчүлүк бар.
ФИОЛ ICL Collamer инерттүү материалынан жасалган жумшак жана ийилчээк түзүлүшкө ээ. Мындай линза төмөнкү рефракциялык көйгөйлөрдү четтетүүгө мүмкүндүк берет: миопия -18 дптр чейин, астигматизм 6 дптр чейин.
Биосыйышуучу ICL линзасы бейтаптын көзүнүн ичине жип менен тигүүнү талап кылбаган өзү герметизациялануучу каражат аркылуу салынат. ФИОЛ ICL көз чечекейинин алдында, көздүн арткы камерасында жайгаштырылат жана көздүн түстүү чели менен жабылат. Ушундай жол менен линза көзгө көрүнбөйт жана бейтаптын көрүү жөндөмдүүлүгү ар түрдүү аралыкта жакшы сакталат.
Рефракция аномалиялары интраокулярлык тууралоо боюнча операция амбулатордук шарттарда, оорутпастан 10-15 мүнөт ичинде жасалат. Мында эң башкысы бейтаптар операциядан кийинки эле күнү жогорку сапатта көрө башташат!
Клиникада рефракциянын аномалияларын интраокулярлык жолу менен тууралоо боюнча операцияларды биздин клиникалар туюмунун жетектөөчү офтальмохирургу — Ким Владимир Ухенович жасайт. Клиниканын операция жасоо бөлмөсү офтальмологиялык микроскоп LuxOR™ LX3 (АКШ) менен жабдылган, жогорку сапаттагы материалдар жана дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдүн инструменттери гана колдонулат.