Пн-Пт   09:00 – 17:00
Сб          09:00 – 14:00
Вс          Выходной
Бишкек ш.,
Ч. Айтматова пр. 299/1
Построить маршрут

Көрүүнүн лазер менен курчутуу

Көз айнектен арылуу убагы келди

Жакшы көрүү жөнүндө кыялданасызбы? Көз айнек жана линзалар сизди башка канааттандырбай калдыбы? Тез жана коопсуз жардам берүү ыкмаларынын бири — бул бүгүнкү күндө заманбап офтальмологиянын өнүгүп келе жаткан багыты болуп саналган көрүүнү лазер менен курчутуу.

Артыкчылыктары:

  • Кеңири колдонуудагы тармак: каршы көрсөтмөлөр жок болгон учурда жаңы ыкмалардын жардамы менен миопияны, гиперметропияны жана астигматизмди натыйжалуу дарылоого болот.
  • Тез процедура: эки көзгө 10-12 мүнөт жасалат, ошол эле учурда лазердин таасири 5-10 секунддан ашпайт.
  • Оорутпаган процедура: тамчылатып анестезия жасоону ар кайсы курактагы бейтаптар жеңил көтөрүшөт жана ооруткан сезимдерди жокко эсе.
  • Амбулатордук процедура: “бир күн” режиминде ооруканага жатпастан жасалат. Бейтаптрдын стационарда болуусу талап кылынбайт.
  • Калыбына келүүнүн эң аз мөөнөтү: лазер менен тууралоо процедурасынан кийин бир нече сааттан кийин бейтап жакшы көрө баштайт, биротоло көрүү бир жуманын ичинде нормага келет.
  • Белгилүү жыйынтыктар: дартты аныктагандан кийин дарыгер көрүүнү лазер менен курчутуунун мүмкүн болгон жыйынтыктарын болжолдоп айтып берет.

Бүгүнкү күндө көрүүнү эксимер лазери менен тууралоонун төмөнкү негизги ыкмалары кенен таралган:

Topo-LASIK-SBK (Contoura™ Vision) – өзүнө көздүн айнек челинин тилимдерин микрокератомдор менен калыптандырууну жана процедуранын коопсуздугу үчүн көздүн айнек челинин калыңдыгына тийгизбестен көзөмөлдөө менен көрүүнү эксимер лазери менен тууралоону камтыган технология. Бейтаптын көзүнүн айнек челинин туруктуулугун 22000 чекитте Topolyzer™ VARIO аппараты менен алысты жакшы көрбөгөн жана астигматизм болгон учурда көрүүнү лазер менен жеке программалоо үчүн топографиялык өлчөөгө негизделет.

ФРК (PRK) – эксимер лазери менен көздүн үстүнкү катмарларында жүргүзүлүүчү көрүүнү лазер менен курчутуунун бир түрү. Ал жука челди көздүн үстүнкү катмарларынан келилип алынбай эле жасалган методика. Көрүүнү лазер менен тууралоодо бардык лазер ыкмаларынын баштапкысы болуп саналат жана бүгүнкү күндө бейтапкана практикасында сейрек колдонулат. Көп сарптоолорду талап кылбаган технология, ошондуктан арзаныраак келет.

Консультация алууга даярсызбы?
Биздин операторлор сиз менен байланышат
Баалар
  • Фирма производитель Alcon (США)
  • Новейшая технология в области кераторефракционной хирургии
  • Одобрение FDA
  • Процедура без госпитализации
  • Возможность проведения лазерной коррекции сразу на оба глаза
  • Кратчайший восстановительный период
Көрүүнү лазер менен тууралоо
от 84 000 сом с
на ОБА глаза
Перед проведением процедуры необходимо пройти диагностическое обследование.
Бишкек ш.,
Ч. Айтматова пр. 299/1
(Построить маршрут)
Пн-Пт   09:00 – 17:00
Сб          09:00 – 14:00
Вс          Выходной