FemtoLASIK – бул миопияны, гиперметропияны жана астигматизмди жоюу үчүн эң кенен таралган лазердик түзөтүүнүн түрү. Айнек челдин формасын жогорку тактыкта өзгөртөт, ошол себептен жарык тор челге так багытталат да, пациент көз айнек жана линзадан толугу менен арылтат.
Процедура болгону 10 мүнөткө созулуп, тамчынын жардамы менен эле оорутпастан ишке ашат.
WaveLight FS 200 фемтосекунддук лазеринин жардамы менен айнек челдин үстүнкү катмарында кесинди түзүлөт. Ал кесиндини убактылуу четке жылдырылып WaveLight EX 500 эксимердик лазерине мүмкүнчүлүк ачылат. Миңдеген лазердик импульстар алдын ала пландаштырылган программа боюнча айнек челге жаңы форма берет. Кесинди ордуна коюлат да, операция аяктайт.
Бул техниканын эң маанилүү артыкчылыгы – жогорку коопсуздукта. Офтальмологиядагы эң коопсуз процедуралардын бири болуп эсептелет. Кийинки артыкчылыгы көрүүнүн калыбына келүүсүнүн тездиги. Процедурадан кийин, бир нече сааттан кийин пациент айлана-чөйөнү даана көрө баштайт жана дээрлик чектөө жок жашоо образын уланта алат. Ошентип, пациент тез эле кадимки жашоосуна кайтып келет, иштейт жана окуй алат, унаа айдай алат, телефон жана компьютерди колдоно алат.
Хирург - Ремесников И.А
один глаз
60 000
KGSХирурги клиники OLC
один глаз
55 000
KGS