Катаракта операциясы

Катаракта - бул көздүн табигый чечекейинин тунарышы

Катаракта

Катаракта – көздүн чечекейинин жарым-жартылай же толугу менен тунарышы. Катаракта аябай кенен тараган абал, анын  себеби – жаш куракка байланыштуу  алмашуу процесстеринин  бузулушу.  Кээде травма же системдүү оорулардын артынан да пайда болот.

Офтальмологиялык лазер борборунда катарактаны жоюу операциясы жипсиз, заманбап, факоэмульсифиякация деп аталган технологиянын жардамы менен жасалат, жана операция учурунда тунарган чечекейин ордуна ар түрдүү тунук жасалма линзалар орнотулат. Бул операциялар акыркы муундагы CENTURION (Alcon, АКШ) фако машинасынын  жардамы менен ишке ашырылат.

Катарактаны алып салуу 10 мүнөткө гана созулат. Анын жүрүшүндө хирург катарактаны алып, жасалма тунук линза (интраокулярдык линза) менен алмаштырууга да жетишет . Ар бир ИОЛдун параметрлери, анын жарыкты сындыруу күчү жана функционалдык дизайны клиникалык кырдаалдын негизинде жана ар бир пациенттин каалоолорун эске алуу менен алдын ала эсептелинет.

Ошол эле учурда заманбап технологиялар катарактанын "бышып жетилүүсүн" күтпөстөн эле жардам берүүгө жол берет. Көрүүнүн калыбына келүүсү эң минималдуу жана 10-14 күндүн аралыгында пациент кадимки жашоого кайта алат.

Катарактаны жоюу
Баасы:
44 000 сомдон башталат.
Эң коопсуз катаракта операциясы
Калыбына келүү аябай тез
Дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдүн аппараттары