Витреоретиналдык хирургия

Витреоретиналдык хирургиясы тор челдин жана айнек сымал заттын ооруларында жардам берет.

Бул кандай ооруу?

Витрэктомия – бул жогорку технологиялык процедура, анын максаты өзгөргөн айнек сымал заттагы жана тор челдеги патологиялык өзгөрүүлөрдү алып салуу. Көптөгөн ооруларда көрүүнү сактап калуунун жалгыз жолу.

Эстен чыгарбоо керек: тор челдин ажыроосу тамчылар жана ийне-дарылар менен калыбына келбейт. Көздүн көрүүсүн сактоонун жалгыз жолу – витреоретиналдык хирургия.

Кайсы учурда витреоретиналдык хирургия керек:

  • Тор челдин ажыроосу же айрылышы
  • Гемофтальм (айнек сымал затка кан куюлуусу )
  • Макуланын айрылышы
  • Витреомакулярдык тракция синдрому
  • Эпиретиналдык мембрана
  • Катаракта хирургиясынын татаалдашуусу
  • Көздүн ичндеги жана төр челдеги бөтөн зат

Витрэктомияны жасоодогу өзгөчөлүктөр :

Айкалышкан анестезия

Дарылоонун түрүн жана узактыгын эске алуу менен айкалышкан анестезия колдонулат.

Дарылоонун жеке узактыгы

Дарылоо:

Тор челдин ажыроосу, диабеттик ретинопатия жана ар кандай витреоретиналдык патологиялар көрүү боюнча майып болуунун дүйнөдөгү негизги себептеринин бири.

Бул татаал ооруларды хирургиялык дарылоо үчүн витрэктомия операциясы жасалат, анын максаты өзгөргөн айнек сымал заттын жана тор челдеги патологиялык өзгөрүүлөрдү алып салуу болуп саналат. Операция айкалышкан анестезия аркылуу өткөрүлөт.

Constellation Vision System – бул офтальмология үчүн жабдууларды чыгаруучу дүйнөдөгү алдыңкылардын бири болгон Alcon(АКШ) компаниясынын акыркы аппараты.

Constellation Vision System офтальмологиялык системасы көздүн алдыңкы жана арткы сегменттеринин ар кандай патологияларын операция кылуу үчүн колдонулат.

Артыкчылыкары жана өзгөчөлүктөрү
Constellation Vision System:

Бул аппарат эң алдынкылардан болуп таанылып, дүйнөлүк аты бар клиникаларда, анын арасында биздин клиникада колдонулат.

Жогорку ылдамдыкта жана максималдуу так иштеген аппарат

Манипуляциялардын көзөмөлдөнүүчү цикл офтальмологко бүгүнкү күндө бар болгон тор челдин жакыныраак иштөөгө жана эң назик жана татаал процедураларды эффективдүү аткарууга мүмкүндүк берет.

Жумуштун укмуштуудай тактыгы жаңы технологиянын атайын патенттелге OZil Torsional Handpiece буралма тутканы колдонуу менен башкаруу аркылуу жетишилет.

Оорулуунун жеке өзгөчөлүктөрү үчүн бардык так орнотууларды киргизүү мүмкүнчүлүгү бар. Система жеке орнотууларды киргизүүгө мүмкүндүк берет жана туташкан түзмөктөрдү автоматтык түрдө тааныйт.

Система атайын сенсор тарабынан башкарылуучу көздүн ички басымынын туруктуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Ошол эле убакытта ал көздүн басымынын өзгөрүүлөргө мониторинг жана өз убагында зарыл болгон нерселерге жооп берет.

Витреоретиналдык хирургия
Баасы:
135 000 сомдон башталат

Процедуранын алдында толук текшерүүдөн өтүү зарыл

Маалымдалган жазуу жүзүндөгү макулдук Операциядан кийинки сунуштар Келишим
Баасы:
135 000 сомдон башталат