Лазер менен дарылоо

Көздүн тор челинин ар кандай оорулары, жабык бурчтуу глаукома жана кайталанган катаракта үчүн инвазивдүү эмес лазердик процедуралар

Даярданууну талап кылбайт

Лазердик дарылоо атайын даярдыкты же анализ берүүнү талап кылбайт.

Процедураны жасоо

Тамчы колдонуп анестезия болот, ал эми узактыгы 7-10 мүнөттөн ашпайт.

БУЛ МААНИЛҮҮ

Лазердик дарылоонун бардык түрлөрү инвазивдүү эмес, б.а. хирургиялык кесүү жок, минималдуу кийлигишүү менен жүзөгө ашырылат.

ЛАЗЕР МЕНЕН ТОР ЧЕЛДИ ДАРЫЛОО

Биздин клиникада заманбап Purepoint® (Alcon, USA) толкун узундугу 532 нм. болгон жашыл лазер колдонулат

Тор челдин төмөнкү ооруларында жасалат:

  • Перифериялык витреохориоретиналдык дистрофиялар;
  • Көздүн тор челинин айрылышы;
  • Тор челдин чектелген ажыроосу;
  • Диабеттик ретинопатия;
  • Тор челдин борбордук тамырынын тромбозу;
  • Макуланын шишиши ж.б.

ГЛАУКОМАНЫ ЛАЗЕР МЕНЕН ДАРЫЛОО

Нур менен айруучу жаңы жана жогорку технологиялуу лазердик аппарат - LIGHTMED LIGHTLas YAG (LIGHTMED Corp., USA)

Төмөнкү абалдарда колдонулат:

  • Жабык бурчтуу глаукома;
  • Алдыңкы камеранын бурчунун кууш болуусу жана  бул бурчтун жабылуу коркунучунун жогору болуусу;
  • Экинчилеп пайда болгон жабык бурчтуу глаукома
  • Жабык бурчуу глаукома менен түстүү челдин жалпак болуусу (ирис-плато синдрому);
  • Цилио- лентикулярдык блок;
  • Чечекейдин жанына линза орнотууга чейин же андан кийин.

КАЙТАЛАНГА КАТАРАКТА БОЛГОНДО ЛАЗЕР МЕНЕН ДАРЫЛОО

Чечекейдин арткы капсуласынын тунук эместиги же кайталанган катаракта - кеңири таралган көрүнүш.

Бул оору катаракта операциясынан кийин 2-5 жылдын ичинде 20-50% пациенттерде пайда болуусу мүмкүн.

Болгону 10 мүнөткө созулган жогорку технологиялуу, тез, инвазивдүү эмес процедура менен жоюулат.

Лазер менен дарылоо
Баасы:
5 500 сомдон башталат