Биздин миссиябыз
Заманбап денгээлде көздүн көрүүсүнүн маселелерин квалификациялуу чечүү!
Жогорку стандарттар
Офтальмологиялык Лазер Борборунун негизги максаты адистештирилген жана жогорку технологиялык офтальмологиялык жардам көрсөтүү болуп саналат.
Квалификациялуу медициналык жардам
Бизге жардам сурап кайрылган адамдарга алар үчүн эң жакшы жол менен жардам берүү.
Дарыгерлерди өнүгүшүнө инвестициялоо
Дайыма алардын мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө, окутууга жана кесипкөйлүгүн жогорулатууга жумшап. Өз тармагындагы профессионалдарды гана бириктирип, эң заманбап аппараттарды жана иш ыкмаларын колдонуу.
Ден соолуктун жогорку денгээлине жетишуу
Диагностикалык жана дарылоонун жогорку технологиялык ыкмаларын колдонуу менен эффективдүү профилактика жана офтальмологиялык жардам көрсөтүү аркылуу калктын ден соолугунун жогорку деңгээлине жетишүү.
эң мыкты
Биз учурдун талабына жооп берип, жогорку технологиялык жабдууларды жана акыркы дарылоо ыкмаларын колдонуп келебиз.
жогорку стандарттар
Биз офтальмологиялык жардам берүүнүн жогорку стандарттарына жооп бергенибизге сыймыктанабыз;
Пациентке багытталган
Пациентке багыт алуу биздин клиниканын эң маанилүү баалуулуктарынын бири.
кызматкерлер
Биздин эң баалуу байлыгыбыз бул биздин кызматкерлер;
жоопкерчилик
Бизге жардам сурап кайрылган ар бир адамдын алдындагы жоопкерчиликти түшүнөбүз;
ден соолук жана жашоо сапаты
Биз үчүн негизги баалуулук – ар бир адамдын ден соолугу жана жашоо сапаты;
кызматтык нускамаларды сактоо
Биз пациенттерибиздин алдында жогорку моралдык жана этикалык стандарттардын сакталышы жана дарылоо процессинин купуялуулугу үчүн жооптуубуз;
Бул баалуулуктарды клиниканын негиздөөчүлөрү башынан эле сиңирип, жогорку адамдык сапаттардын булагы болуп калды, пациенттерге боор ооруу, жакшылык жасоо, алар клиниканын ар бир кызматкерине мүнөздүү.
Автокераторефрактометр KR-8900
Topсon, Жапония
Фороптер HDR-7000
Huvitz, Корея
Проектор знаков HCP -7000
Huvitz, Корея
Биомикроскопия HS-5000 LED
Huvitz, Корея
Бесконтактный тонометр HNT 7000
Huvitz, Корея
Жашыл лазер PurePoint Laser
Alcon, АКШ
Офтальмологдун жумуш орду HRT-7000
Huvitz, Корея
Периметр “Периком”
Оруссия
Факоэмульсификациялык системасы Centurion Vision System
Alcon, АКШ
Офтальмологиялык микроскоп “LuxOR”
Alcon, АКШ
Микрокератом Evolution 3E
Moria, Франция
Кератотомограф «WaveLight Oculyzer II»
Alcon, АКШ
Оптикалык биометр «Aladdin»”
Topcon, Жапония
Диагностикалык аппарат «Verion»
Alcon, АКШ
Эксимердик лазер «WaveLight EX 500»
Alcon, АКШ
Кератотопограф ALLEGRO Topolyzer VARIO
Alcon, АКШ
Оптикалык когеренттик томограф, 3D OCT - 1 Maestro
Topсon, Жапония
Фемтосекундук лазер WaveLight® FS200
Alcon, АКШ
Лазер LIGHTLas YAG
LightMed, АКШ
Витрео-машина системасы «Constellation Vision System»
Alcon, АКШ
Биздин күч-аракет жана жогорудагы өзгөчөлөнгөн жөндөмдүүлүктөр менен биз он миңдеген адамдардын ишенимине ээ боло алдык.
40 000+
адамдар заманбап жабдууларды колдонуу менен биздин клиника тарабынан текшерилди.
14 000+
адамдар заманбап жана жогорку денгээлде сапаттуу хирургиялык жардам алышты.
Биз биринчилерденбиз
Кыргызстанда ондогон инновациялар жана заманбап дүйнөлүк тажрыйбаларды ишке ашырганбыз.