Көрүүнү лазердик түзөтүү боюнча суроолор

Көрүүнү лазердик түзөтүү боюнча суроолор:

1) Менде миопия//астигматизм бар, операция жасатсам болобу?

Бул суроого толук текшерүүдөн өткөдөн кийин гана жооп бере алабыз. Үч көз ооруну тең айыктырууга болот. Бирок так айтуу үчүн, көзүңүздүн параметрлерин билишибиз керек. Биринчиден айнек челдин калыңдыгын билүү зарыл.

2) Көздүн көрүүсү начарлап кетпейби?

Жок, лазердик түзөтүүнүн  натыйжасы өмүр бою калат.

3) Кош бойлуу аялдарга көрүүнү лазердик түзөтүү жасатса болобу?

Буга эч кандай каршы көрсөтмөлөр жок. Сиздин ден соолугуңуз бир гана тоскоолдук болушу мүмкүн. 2-триместрге чейин жана төрөттөн кийин  лазердик түзөтүү жасоону сунуштайбыз.

4) Келечектеги кош бойлуулук көрүүнү лазердик түзөтүү натыйжаларына таасир этпейби?

Албетте, жок. Бул жерде бул тема боюнча акыркы изилдөөлөрдүн бирин куп чыксаныз  болот.

5) Жаш чеги чектелгенби?

18 жаш хирургия үчүн минималдуу босого болуп саналат. 18-ге чыга элек адамдарга операция жасатканга болбойт, анткени көз дагы эле өсүү процессинде болот.

Эч кандай жогорку чеги жок, бирок, 45-50 жаштан кийин курактык көздө өзгөрүүлөр башталат жана ошол куракта көрүүнү лазердик түзөтүү, жасатуу туура эмес. Бул учурда биз башка ыкмаларды сунуштайбыз.

6) Операция кымбат болушу керек?

Биздин клиникада көрүүнү лазердик түзөтүүнүн баасы эки көзгө 60 000 сомдон башталат. Бул кошуна өлкөгө барып операция жасоого караганда алда канча арзан. Операциянын эффекти узак мөөнөттүү экенин эске алсак, көз айнек жана линзаларды колдонуудан караганда алда канча арзан болот.

7) Операция учурда көз ооруйбу?

Оору – бул субъективдүү сезим. Ар бир адам операцияны ар башкача өткөрөт, биз бул суроого так жооп бере албайбыз. Кээ бир пациенттер операция жагымсыз болгонун белгилешет, кээ бирлери эч кандай терс сезимдерди башынан өткөрбөйт.

8) Операциядан кийин чуркоо/телевизор көрүү/учакта учуу мүмкүнбү?

Ооба. Операция болгон күнү дагы дискомфорт болот. Бул убакта эс алып, уктап алууну сунуштайбыз. Эртеси сиз кадимки жашоого өтсөңүз болот. Бир гана чектөөлөр бар – 10 күн бою сүзүүгө же ваннага түшүүгө болбойт.