Көрүүнү Лазердик түзөтүү операциясын ким жасатса болот?

Бир жылдан ашык убакыттан бери көз айнек же линза тагынгандар үчүн “көрүүнү лазердик түзөтүү” терминин жакшы билишет. Бул статьяда биз бул операция кимге жардам бере аларын, натыйжаларга кандай кепилдиктер бар экенин жана кандай өтөрүүн айтып беребиз.

Кандай көз ооруларын лазердик түзөтүү менен оңдолот?

Алар үчөө: миопия, астигматизм.

Булар түрдүү оорулар, бирок алардын жалпы өзгөчөлүктөрү бар – адам кээ бир объектилерди даана көрөт, башкалары так көрө албайт.

Мунун себебин түшүнүү үчүн колуңузду сунуп, сөөмөйүңүздүн учуна караңыз.

Андан кийин көзүңүздү манжаңыздын артындагы кандайдыр бир алыскы объектке, мисалы, дубалды караңыз. Колуңуз даана эмес болуп, фокустан чыгып калат.

Себеби биздин көзүбүз бир убакта бир эле аралыкта жайгашкан нерселерди даана көрө алат. Жөн гана манжаны же болбосо дубалды.

Бул көзүбүздүн ичинде линза бар болгондуктан болот. Бул чоюлуп же жыйрыла турган линза. Биз алыстан караганыбызда, сүрөттөлүштүн ачыктыгын жогорлатуу жана аны тор челге өткөрүү үчүн дээрлик жалпак болуп калат. Ошондуктан, алыскы объектилерди карап чыгуу үчүн, биз көзүбүздү тиктейбиз.

Көздүн булчуңдарына жакын объектилерди кароо керек болсо, алар линзаны кысып, аны томпок кылат.

Эгерде кандайдыр бир себептерден улам булчуңдар чыңалып, бирок кайра эс алып кетпесе, анда адам алысты көрө албайт – жакынды жакшы көрөт, бирок алыстан начар көрөт. Себеби анын линзасы дайыма томпок болуп турат.

Тескерисинче, көздүн булчуңдары алсыз болуп, линзаны кыса албаса. Ошондо адам алыстан жакшы көрүп, бирок жакынкы объектилерди кароого көзүнүн күчү жетпейт.

Астигматизм көздүн формасына эмес, айнек челге байланыштуу коз оорусу. Айнек чел-көздүн тунук алдыңкы бөлүгү жана бизге так көрүүгө жардам берет. Адатта, айнек чел жарым тегерек болот, бирок ал бир аз ийилген болсо, анда бардык объекттер бузулат. Аларды даана көрүү үчүн чыңалууга, көздөрүн кысып коюуга туура келет, ошондуктан астигматизми бар адамдардын көздөрү абдан тез чарчап, башы ооруйт.

Астигматизми бар адамдардын кандай көрөрүн түшүнүү үчүн күзгүгө караңыз. Өзүңүздүн чагылышыңызды даана көрө аласыз. Эми бир кашык алып, томпок бөлүгүндөгү чагылышыңызды караңыз. Айнек чел туура эмес формадагы нерселерди ушундайча бурмалайт. Ушундан улам адам бардык нерсени бүдөмүк көрөт.

Лазердик түзөтүү ыкмасы эмнеге негизделген?

Биз миопияны же астигматизмди айыктыруу үчүн линзанын формасына түздөн-түз таасир бере албайбыз. Бирок даана көрүгө линза гана таасир этпейт. Айнек чел дагы маанилүү. Биз ага жетип, анын формасын өзгөртө алабыз – аны жылмакай, жалпак же тескерисинче томпок кылып, адам жакынды да, алысты да көңүлүн бура тургандай кылып өзгөртөбүз.

Айнек челдин формасын өзгөртүү үчүн ага эксимердик лазер менен иштейбиз. Эксимердик лазер тирүү ткандардын микрокатмарларын ысытпай жана структураларын бузбай буулантууга жөндөмдүү аппарат.

Айнек челдин формасын канчалык жана так өзгөртүү керек экенин билүү үчүн алгач аппарат текшерүү жүргүзүп, көздүн картасын түзөт. Андан кийин атайын жабдуулар алынган маалыматтарды 100% көрүү үчүн керектүү нерселер менен салыштырып, ар бир пациент үчүн көрүүнүн жекече лазердик түзөтүү программасын түзөт.

Операция кандай өтөт

Операция 10 мүнөткө созулат жана биздин клиникада Topo-LASIK-SBK (Contoura™ Vision) технологиясы менен жасалат. Көпчүлүк убакыт даярданууга жумшалат – бир нече наркоз, наркоз ж.б. Лазердин өзү оорунун даражасына жараша көзгө 1-15 секунд иштейт.

Операция учурунда кыймылдабашы үчүн башыңыз жана көзүңүз бекитилет. Лазердик коррекциялоочу аппарат 1 секунддун ичинде көздүн абалын 100дөн ашык өлчөйт. 

Эгерде кандайдыр бир себептерден улам көздүн абалы өзгөрсө, лазер дароо токтойт.

Сиздин жеке көз картаңызды түзгөн аппарат Тополизер деп аталат. Ал так көрүүгө тоскоол болгон көздүн кабыгындагы бардык кемчиликтерди аныктайт. Операциянын өзүндө эксимер лазери бул кемчиликтерди оңдоп, көздүн айнек челин керектүү абалга келтирет.

Оорубайт. Биринчиден, атайын аппарат менен көздүн айнек челин кесип, капкагын түзөбүз, анан аны капталга ийебиз. Аппарат Тополизерге алынган маалыматтарды салыштырып, көздүн айнек челин лазер менен тегиздейт. Бул кандай болорун караңыз – оңго жылдырыңыз.

Андан кийин, биз капкагын кайра ордуна келтиребиз. Эч тикпейбиз, ыңгайсыздык сезимдер болбойт. Капкак ордуна келип, эч кандай из калтырбайт. Андан кийин сиз дагы 15-20 мүнөт клиникада болосуз, анан үйгө кетсениз болот.

Көзүнуздун көрүүсү ошол эле күнү жакшырат – чоң калыбына келтирүү мезгили жок. Эртеси сиз жумушка чыга баштасаңыз болот, китеп окуй аласыз, компьютерде иштей аласыз – ар кандай күнүмдүк иштерди жасай аласыз.

Операциянын жыйынтыгы кандай болот?

Адамдын өзүнө жараша жана астигматизм, миопия даражасына жараша жыйынтыктар ар бир адамда ар кандай болот. Көпчүлүк адамдар 100% көрүү менен кетишет. Кээ бирөөлөр үчүн натыйжа 120%, башкача айтканда, дээрлик бүркүтүн көзүндөй көруп калат.

Кандай болгон күндө да, операциянын натыйжасы 100% болжолдонгон жана көрүнүш кийин түшпөйт. Бир нече айдан же жылдардан кийин көздүн формасы өзгөрө баштаганда гана өзгөчөлүктөр саналат – чоңоюп, кичирейип, ж.б. Бул учурда фокустук чекит кайра жоголуп, көрүү начарлайт.

Ушундай учурларда биз пациенттерге кайра докоррекция жасайбыз. Процедура бирдей, 10 мүнөткө созулат жана бекер. Бирок, биз мындай учурлардын пайызы аз экенин баса белгилейбиз.

Каршы көрсөтмөлөр

Тилекке каршы, көрүнүү лазердик түзөтүү баарына ылайыктуу эмес. Астигматизмдин жогорку даражаларында көздүн айнек челинин формасын керектүү деңгээлге чейин өзгөртүү мүмкүн эмес. Бул учурда, биз пациенттерге башка ыкмалар жөнүндө айтабыз.

Мындан тышкары, көздүн айнек челинин калыңдыгын билүү маанилүү. Бул бардык адамдарда ар кандай болот. Анын катмары өтө жука болсо, анда аны кумдап(шлифовать) коюуга болбойт. Алгачкы текшерүүдө көздүн айнек челинин калыңдыгын текшеребиз.

Лазердик  түзөтүү балдар үчүн жасалбайт, анткени алардын көздөрү өсү процессинде болот. Минималдуу курак – 18 жаштан жогоруу.

Кош бойлуу аялдар үчүн биринчи же экинчи триместрде операция жасаса болот. Кийинчерээк жана бала эмгизүү учурунда операция сунушталбайт. Кош бойлуу кезде лазердик түзөтүү жасатылган көз, төрөт учурунда начарлабайт.

Лазердик түзөтүү операциясы боло турган клиникада толук текшерүүдөн өткөндөн кийин жылдын каалаган убагында операцияны жасаса болот. Клиникалар көбүнчө башка жерлерден алынган натыйжаларды кабыл алышпайт.