КАТАРАКТА: «пленка» аркылуу көрүү

Дүйнөдөгү бардык көрүүнүн начарлашынын үчтөн бир бөлүгү – катаракта менен байланыштуу. Чечекейдин тунарышы, адам дүйнөнү пленка аркылуу көргөндөй болот.. Катаракта адегенде көрүүнүн начарлашына, андан кийин анын толук жоголушуна алып келет.

Эгерде мурда катаракта улгайган адамдардын оорусу деп эсептелсе, азыр ал бир топ жашарып калды – оору кырк жаштагыларда да байкалышы мүмкүн. Оору көздүн сезгенүүсүнөн же жаракат алгандан кийин пайда болушу мүмкүн, зат алмашуунун бузулушунун кесепети (мисалы: кант диабети) ж.б. Эгерде бул факторлордун бардыгы жок болсо, анда көбүнчө мындай оору 50 жаштагы адамдарда аныкталат. Анын биринчи белгилери төмөнкүдөй: көрүү курчтугу төмөндөйт, жарыкка чыдамсыздык пайда болот жана көздө пленка сезими пайда болуп. Объекттер так көрүнбөй, тамгалар окуганда бүдөмүк болуп, эки эселенгендей болуп калат. Эгерде катаракта чечекейдин четинде өнүгө баштаса, адам көпкө чейин эч кандай өзгөрүүнү сезбеши мүмкүн, ал эми катаракта болсо кыйратуучу ишин уланта берет. Катаракта коркунучтуу, эгер дарыланбаса, толук сокурдукка алып келет.

Тилекке каршы, эл арасында катаракта тууралуу эки миф бар. Биринчиси, аны элдик ыкмалар менен айыктырууга болот. Бул миф: аны айыктыра турган дарылар жок. Дарылоонун бирден – бир ыкмасы хирургиялык жол. Көрүүнү калыбына келтирүү үчүн тунарып калган чечекейди алып салып, анын ордуна көзгө жасалма линзасы орнотуу.

Ал эми экинчи миф катаракта жетилип калуусун күтүүсү,  андан кийин операцияга келүү. Мындай туура эмес түшүнүктөр райондук эмканалардын дарыгерлеринин арасында да көп кездешет. Чынында эле, мурун, заманбап жабдуулар жок болгондо, хирургка жетилген катарактаны алып салуу оңой болгон: классикалык операция көздүн жарымына чоң кесүү жасашып, ал аркылуу тунарган чечекей толугу менен алынып салынган. Азыр дүйнөнүн бардык цивилизациялуу өлкөлөрүндө даана көрүүсү 30-50% ге чейин төмөндөшү менен операция жасоо маселеси көтөрүлүп, жаңы, заманбап ыкма менен жасалууда. Бүгүнкү күндө имплантация менен факоэмульсификация ыкмасы менен катарактаны хирургиялык жол менен алып салуу медицинада эң коопсуз жана эффективдүү операциялардын бири. Европада, АКШда жана Россияда катаракта учурларынын дээрлик 95% ушул ыкманы колдонуу менен операциялар жасалынат.

Факоэмульсификациянын маңызы- ультразвуктун жардамы менен тунарган чечекей майдаланып, эмульсияга айланып, ал атайын зонд аркылуу көздөн чыгарылат. Анын ордуна жумшак жасалма линза имплантацияланат – ийкемдүү, форма “түтүккө” бүктөлгөн көз ичиндеги линза. Ал көздүн ичинде ачылып, бекем бекитилет. Мындай операция учурунда бардык манипуляциялар 2 мм өлчөмүндөгү микро кесүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Ал кийинчерээк өзүнчө жабылат жана тигүүгө талап кылбайт.

Жасалма линза атайын компьютердик программанын жардамы менен ар бир пациент үчүн жекече эсептелет. Бул учурда миопия менен гиперметропияны бир эле учурда операцияга жасоого мүмкүн. Көздүн кыртыштары менен био шайкеш келген материалдардан жасалган линза өмүр бою иштеп жана алмаштырууга талап кылбайт. Факоэмульсификациянын коопсуздугу ушунчалык чоң болгондуктан, ал амбулаториялык негизде жүргүзүлөт. Ошол эле күнү сиз үйгө кайта аласыз. Визуалдык жана физикалык активдүүлүккө олуттуу чектөөлөрсүз кадимки жашоодогудай жашай аласыз. Бул ыкманын натыйжалуулугу, жасалма линзаланы имплантациялоодон кийин пациент операциялык столдо даана көрө баштайт. 

Операциянын ийгилиги хирургдун тажрыйбасына жана аппаратардын деңгээлине түздөн-түз байланыштуу: кымбат жана жогорку аппараттар  хирургка жогорку натыйжаларды берет. Эми ушундай деңгээлдеги медициналык жардам алуу үчүн чет өлкөгө чыгуунун кереги жок: Кыргызстанда алыскы келечек жөнүндөгү фантастикага окшош диагностикасын жана көрүүсүн бир нече мүнөттүн ичинде калыбына келтирүүчү ыкмалар күнүмдүк реалдуулук. Кыргызстанда техникалык аппаратар боюнча дүйнөлүк клиникаларга барабар көз клиникасы бар – бул “Офтальмологиялык Лазер Борбору”! Андагы бардык операциялык жана диагностикалык жабдуулар дүйнөлүк лидерден жана “эң жаңы”, башкача айтканда CENTURION® Vision System ультрадыбыстық факоэмульгаторлордун акыркы муундагы (Alcon, АКШ), иштөөчү LuxOR™ LX3 офтальмикалык микроскоптору (АКШ), диагностикалык лазер Oculyzer. II жана Topolyzer VARIO (WaveLight AG, Германия), ошондой эле хирургиялык лазерлер Topo-LASIK-SBK (Contoura™ Vision).

Жада калса кыргызстандыктар үчүн медициналык туризмдин сүйүктүү багыттары саналган Түркия менен Индиянын бардык офтальмологиялык клиникаларында мындай деңгээлдеги аппаратар жок. Ошол эле учурда бул өлкөлөрдө дарылануунун баасы жогору. Мындай жабдуулар Батыш Европанын жана АКШнын алдыңкы клиникаларында колдонулат, ал эми биздин өлкөдө аларга ээ болгон жалгыз клиника – “Офтальмикалык Лазер Борбору”. “Офтальмологиялык Лазердик Борбордо” Кыргызстанда хирург-офтальмологдордун кесиптик деңгээли боюнча аналогу жок: клиникада дүйнөгө танымал дарыгерлер, медицина илимдеринин кандидаттары, Катаракта жана рефракциялык хирургдардын Европа ассоциациясынын мүчөлөрү, Ким Владимир Ухенович жана Игорь Александрович операция жасашат. Офтальмологиялык Лазердик Борбордо ар кандай микрохирургиялык операция 10 мүнөттөн ашпайт! Эң негизгиси, көпчүлүк учурларда, операциядан кийин эле көрүү толугу менен калыбына келе баштайт жана адамдар дүйнөнү жаңыдан көрө башташат! Даана көрүү кыялыңыздын ишке ашуусун кечиктирбеңиз, келип, БААРЫН ӨЗҮҢҮЗ КӨРҮҢҮЗ!