Кош бол, катаракта!

Катаракта хирургиясы жөнүндө эмнени билишиңиз керек?

Адам карыган сайын көздүн чечекейи тунара баштайт. Ал тунарып калганда адам туманда жүргөндөй көрө баштайт, акырындап катарактанын себебине такыр көрбөй калуусу да мүмкүн. Катарактанын биринчи белгилерин көбүнчө адамдар 50-55 жашында сезе баштайт, ал эми 70 жашында көрүү толугу менен начарлап кетиши мүмкүн.

Катарактаны жалгыз эле хирургиялык жол менен айыктырууга болот. Операция учурунда болгону 2 мм микрокесик аркылуу тунарган чечекей суюк абалга айландырылып, атайын микро-түтүк аркылуу сордуруп алынат да, анын ордуна жасалма тунук линза орнотулат. Бул операция катарактанын факоэмульсификациясы деп аталат.

Операция учурунда тунарган чечекейдин ордуна анын жумшак жасалма аналогу орнотулат. Ал атайын алдын ала бүктөлөт жана көздүн ичинде гана жазылат да, өз ордуна бекем бекитилет. Операция учурунда пациент эч кандай ооруну сезбейт. Жергиликтүү анестезия коюлат жана көзгө тамчы тамызылат. Пациент кадимкидей эле ойгоо болот, жада калса дарыгер менен сүйлөшө алат.

Медицина дүйнөсүндө катарактаны алып салуу операциясы эң ийгиликтүү жана операциялардын бири болуп эсептелет: көздүн көрүүсү операция үстөлүндө эле калыбына келе баштайт, ал эми пациент эмоцияларга батып, кубанат. 

Мындай абалды көргөн офтальмохирургтар жумушунун жыйынтыгынан абдан ыраазы болушат.

Пациентердин кубанычына тоскол болгон бир нерсе – анын баасы болушу мүмкүн. Бирок, клиника канча кааласа да анын баасын төмөндөтүү мүмкүн эмес, анткени факоэмульсификациянын наркынын көпчүлүк бөлүгүн сапаттуу жасалма линза түзөт.

Заманбап линзалар – бул жогорку технологиялык продукт! Көзгө жумшак акрилдин линзасы өзүңүздүн чечекейиңиз сыяктуу иштей башташы жана ошол эле учурда ал адамга өмүр бою кызмат кылуу үчүн кандай жогорку технологияларды колдонуу керек экенин элестете аласызбы!? Жасалма нерсенин табигый чечекейдин кызматын толук аткарып калуусу бир эле уникалдуу көрүнүш эмес, ал фантазиянын чегинде! Ал эми салыштырмалуу жакында эле жакын аралыкты гана жакшы көрүүнү камсыз кылган IOL бир гана түрү бар болсо, анда бүгүнкү күндө жогорку технологиядагы, касиеттери табигый чечекейге мүмкүн болушунча жакындатылаган универсалдуу линзалар дагы бар. Албетте, америкалык жана швейцариялык абройлуу компаниялар чыгарган кадимки монофокалдык IOL да кымбат, премиум мультифокалдык моделдери андан да кымбат болуусу кадимки көрүнүнүш. Факоэмульсификациянын баасын бир гана учурда арзандатууга болот – арзан IOL колдонуу менен, бирок андан кийин операция жалпысынан маанисин жоготот! Өзүңүз карап көрүңүз: сапатсыз линза коюу үчүн жогорку технологиялык операция жасоого эмне себеп?! 

Бул көз! Ошондуктан, абройлуу клиникаларда, мисалы, Офтальмологиялык Лазердик Борбору сапаттуу линзалар менен гана иштешет жана пациент буларды такстыктаган документтерди окуп текшере алат: өндүрүүчү ар бир линзаны паспорт менен камсыздайт, анда анын сериялык номери жана бардык параметрлери көрсөтүлөт.

Операциянын ийгилиги хирургдун тажрыйбасына жана аппараттардын деңгээлине түздөн-түз байланыштуу: кымбат гана тажрыйбалуу хирургдун колунда жогорку технологиялык жабдуулар жогорку натыйжаларды берет. Ал эми дүйнөлүк стандарттагы офтальмологиялык жардам алуу үчүн, чет өлкөгө чыгуунун кереги жок: Кыргызстанда техникалык жактан жабдылышы жагынан дуйнөлүк клиникалар менен барабар болгон клиника бар — Офтальмологиялык Лазер Борбору!

Андагы бардык хирургиялык жана текшерүү аппараттары дүйнөлүк лидерден жана “эң жаңы”, жана акыркы муундагы CENTURION® Vision System ультраүн фако-машинасын (Alcon, АКШ), LuxOR™ LX3 офтальмологиялык микроскобун (АКШ), диагностикалык лазер Oculyzer. II жана Topolyzer VARIO (WaveLight, Германия) сыяктуу жабдуулар менен жабдылган.

Кыргызстандыктар үчүн медициналык туризмдин сүйүктүү багыттары болгон Түркия менен Индиянын клиникаларында ушундай деңгээлдеги аппаратар бар.

Ошол эле учурда бул өлкөлөрдө дарылануунун баасы жогору. Мындай жабдуулар Батыш Европанын жана АКШнын алдыңкы клиникаларында колдонулат, ал эми биздин өлкөдө аларга ээ болгон жалгыз клиника – Офтальмологиялык Лазер Борбору. Офтальмологдордун профессионалдык деңгээли боюнча Кыргызстанда теңдеши жок адистер эмгектенишет.

Катаракта хирургиясы жөнүндө билүү үчүн дагы бир маанилүү нерсе: канчалык эрте болсо, ошончолук жакшы!

Операцияны кийинкиге калтырбаңыз! Мурда факоэмульсификация пайда болгонго чейин катарактаны алып салуу үчүн анын жетилишин күтүш керек болчу: классикалык операция көздүн жарымына чейин кесип жасаган, жип менен тигип чыкканга туура келген. Ал эми адамдар ондогон жылдар бою так көрө албай жүрүп, көздөрүндө катаракта менен жүрүп, дээрлик сокур болуп калышканга жана катаракта глаукома менен татаалдашып кеткенде, карыган куракта гана кандайдыр бир операция жасалганда хирургдарга кайрылышчу…

Азыр дүйнөнүн бардык өнүккөн өлкөлөрүндө катаракта ыңгайсыздак жарата баштаганда эле аны алуу маселеси көрөрүлөт. Балким, ушундан улам, дүйнөдөгү туристтердин көпчүлүгү пенсия жашындагылар!

Катарактадан сокур болуп калбаңыз, операцияны кечиктирбеңиз!