Ортокератология: түнкү линзалар сиз уктап жатканда иштейт – күндүз сиз эң соонун көрүүгө ээ болосуз!

Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар эртең менен турганда, кадимкидей көрүү үчүн көз айнек  же линза тагышат. Эгер баары тескерисинче болгондо кандай сонун болмок: ойгонгондон кийин уйку учурунда көзүңүздүн көрүүсүн нормалдуу абалга келтирген атайын линзаларды чечип, ал эми күн бою көз айнек жана контакт линзасыз жүрсөңүз!

Бул нерсе сизге фантастикалык угулуп жатса керек, бирок, түнкү линзалар, адам уктап жатканда иштейт, кийинки күнү көрүүңүз даана болуп калат! Мындай линзалар ортокератологиялык деп аталат (алардын башка аталыштары – OK линзалар, OKL, орто линзалар,түнкү линзалар). Балдардагы жана чоңдордогу миопияны, гиперметропияны жана астигматизмди оңдоонун бул революциялык жаңы ыкмасы биздин өлкөдө “Офтальмологиялык Лазердик Борбордун”  аркасынан пайда болуп жатат.

Ортокератологиялык линзалар (OKL) уктаарга 10-15 мүнөт калганда аларды атайын тагып алуучу линзалар. Түнкүсүн, уктап жаткан адам үчүн билинбестен, анын уйкусуна тоскоолдук кылбастан, OKL анын катмарларынын бүтүндүгүн бузбастан, белгилүү бир жол менен сиздин көзүңүздүн айнек челинин формасын өзгөртөт. Эртең менен линзаны алып, алардын эффектиси эртеси күнү кечке чейин сакталат! Бул адам бир күн бою контакт линзадан жана көз айнектен жана бул “көз балдактарын” кийүү менен коюлган чектөөлөрдөн бош экенин билдирет! Миопияны жана астигматизмди оңдоо үчүн OKL линзасы бар! Түнкү линзалар “дем алуучу” болгондуктан, уктап жатканда көздөр өзүнө керектүү кычкылтекти ала алат.

OKL эффектиси кумулятивдүү – биринчи түнү көрүү максималдуу калыбына келтирилет 70-75%, бирок 7-10чу күндөн кийин 100% ке жетиши мүмкүн. OKL үзгүлтүксүз колдонуу көздүн айнек челине баштапкы абалына кайтып келишине жол бербейт, бул анын жасалма түрдө түзүлгөн формасын линзаларды колдонуу мезгилине туруктуу кылат.

Алынган эффект лазердик түзөтүү эффектиси менен салыштырууга болот, бирок толугу менен кайра кайтарылат: түнкү линзаларды колдонуу аяктагандан бир нече күндөн кийин көрүү өзүнүн баштапкы абалына кайтып келет.

Туура колдонуу орто линзалардын иштөө мөөнөтү (ар бир тагыңуудан кийин атайын эритмеде жуулат) 1 жыл. Баса, бул мезгилден кийин линзанын кычкылтек өткөрүмдүүлүгү гана төмөндөйт, бирок анын таасири эмес.

Жалпысынан ортокератологиялык коррекциянын көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй: миопия 6–7 D чейин, астигматизм 2 D чейин, гиперметропия 3–4 D чейин. Ар бир көз уникалдуу болгондуктан, ар бир пациент үчүн сунушталган чектерди кеңейтүүгө болот офтальмологдун чечими боюнча.

Ортокератологиялык линзаларды дайындалган пациенттердин 90% – жаш балдар. OKL линзалар балдардын жакшы көрүүсүн гана кайтарбастан, миопиянын өнүгүшүнө да бөгөт коёт! Түндө тагынууга арналган линзалар менен бала активдүү жана толук түрдө жакшы көрүү менен жүрө алат, ошол эле учурда күнү бою көзүнүн аккомодативдик аппаратын машыктырат! Бала эч кандай чектөөсүз көзүн ушалап, чуркап, секирип, сүзүп, каалаган спорт менен машыга алат!

Көз айнек жана үзгүлтүксүз контакт линза тагынуу менен байланышкан физикалык чектөөлөрдүн толук жоктугу да бир катар психологиялык көйгөйлөрдү чечет. Балада прогрессивдүү миопия менен Офтальмологиялык Лазердик Борборго кайрылууга убакытты текке кетирбеңиз, анткени миопиянын өнүгүшүн токтотууга болот: миопиянын жогорку деңгээли (-6 диоптрден жогору) балаңызда бар болсо 1-2 диоптрге токтой алат деп элестетиңиз!

OKL ошондой эле жумшак контакт линзаларын көтөрө албаган чоңдорго, ошондой эле профессионалдык шарттардан улам көз айнек же күнүмдүк линзаларды кие албагандар үчүн ылайыктуу; өтө жука айнек чели менен лазердик түзөтүүгө каршы болгондорго ылайык. OKL линзалары адамдардын жашоосун бир кыйла жеңилдетет, аларды көз айнек жана кадимки контакт линза тагынууга байланышкан бардык чектөөлөрдөн бошотот: сиз чектөөсүз активдүү жашоо образын алып бара аласыз, спорттун көптөгөн түрлөрү менен алектене аласыз, аялдар декоративдик линзаларды колдоно алат. 

Линзалар атайын заманбап жабдыктардын жардамы менен көздүн бардык параметрлерин өлчөп, буйрутма менен жасалат. Түнкү линзаларды тандоодон мурун кератотопографияны (айнек челдин бетин сканерлөө) жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүү (жана бул кадимки жумшак контакт линзаларын тандоосуна караганда априори кыйла татаал жана кымбат) мисалы Офтальмикалык Лазер Борбору сыяктуу чоң профессионалдык клиника гана аны көтөрө алат. Балким ушундан улам бул ыкма өзүнүн жагымдуулугуна жана эң негизгиси натыйжага жетүүнүн жеңилдигине карабастан, кеңири жайыла элек. 

Дарыгер рефракциялык терапия боюнча тажрыйбасы бай жана тастыкталган ортокератолог болушу маанилүү. Офтальмология тармагында колдонулган уникалдуу жабдуулардын жана инновациялык методдордун аркасында Офтальмологиялык Лазердик Борбордун дарыгерлери Кыргызстандын жарандарына эң маанилүү жөндөмдөрдүн бири – так көрүү мүмкүнчүлүгүн кайтарып беришет. Ден соолугуңузга кам көрүңүз жана өзүңүздүн жана жакындарыңыздын дүйнөгө тунук көрүү менен кароого мүмкүнчүлүгүн танбаңыз!