Көздү толук текшерүү
Заманбап жабдуулар жана жогорку категориядагы дарыгерлер көз ооруларын так аныктоого жана туура дарылоого жардам беришет.
Тереңирээк текшерүү
БУЛ МААНИЛҮҮ! Бардык чоңдорго жана балдарга жылына бир жолу офтальмологтун текшерүүсүнөн өтүү сунушталат.
Ден соолугубуз тынчыбызда албаса, биз сейрек дарыгерге кайрылабыз. Бирок, кээ бир коркунучтуу көз оорулары эч кандай белги бербөөсү мүмкүн. Ошондуктан, сиздин көзүңүздүн абалы жакшы экенине билүү үчүн, сиз убагында толук текшерүүдөн өтүүңүз зарыл.
Биздин клиникада толук текшерүү төмөнкүлөрдү камтыйт:
Көздүн рефракциясын ченөө;
Кең карек аркылуу Гольдман линзасы менен көздүн түбүн текшерүү.
Айнек челдин калыңдыгын өлчөө;
Көздүн ички басымын аныктоо;
Көрүү курчтугун аныктоо;
Алдынкы камеранын бурчун текшерүү (гониоскопия);
Айнек челдин негизги меридиандарындагы кератометриялык өлөчөмдөрүн аныктоо;
Көз алмасынын анатомиялык параметрлерин өлчөө;
Кератотопография
Көздүн УЗИси;
Оптикалык когеренттик томографиясы
Биомикроскопия
Толук текшерүүнүн алдында эмнени билишиңиз керек:
Документтер
Паспортту/туулгандыгы тууралуу күбөлүктү өзүңүз менен кошо ала кетиңиз.
Линза тагынбай келишиңиз керек
Толук текшерүүгө 2-3 күн калганда линзаны тагынууну токтотуңуз. Көз айнек тагынса болот.
Кара көз айнек
Күндөн коргоочу кара көз айнек алып келиңиз.
Машине айдабай келиңиз
Анткени толук текшерүүдөн кийин унаа айдай албайсыз.
Көздөрүңүз чыңалбаш керек
Толук текшерүүдөн кийин 6 сааттын ичинде көзүңүз жарыктан уялып, туман болуп жана алыс көрүү убактылуу начарлашы мүмкүн. Ошондуктан, көзгө зор келтирүүдөн жана көчөдө көпкө болуудан алыс болуңуз.
Кыздар үчүн
Толук текшерүү күнү декоративдик косметиканы колдонууга болбойт.
Консультация
Толук текшерүү жана дарыгердин консультациясы
1,5-2 саатка созулат.
Узатып баруу
Эгерде пациенттин жашы жете элек болсо, анда аны коштоп жүргөн жанында адам болушу керек.
2 500 с.
Толук текшерүү
Толук текшерүү жана дарыгердин консультациясы
1 500 с.
Мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн
Мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн баасы төмөндөтүлгөн
1 500 с.
Пенсиядагыларга
Пенсиядагыларга баасы төмөндөтүлгөн