доктор фото
Офтальмологиялык лазер борбору

Бишкектеги
КӨЗ
КЛИНИКАСЫ

Заманбап жабдуулар жана жогорку
категориядагы дарыгерлер көз айнек жана
линзадан арылууга жардам беришет.
иконка
Начар көргөн
адамдар үчүн
иконка
Балдарды кабыл алуу
иконка
Жакынга көз айнекке муктаж адамдар

Биздинкызматтар

Иконка Текшерүү
Заманбап жабдуу жана жогорку категориядагы дарыгерлер ооруну так аныктап, туура дарылаганга жардам беришет.
Иконка Катарактанын хирургиясы
Катарактаны заманбап технологияларды колдонуп, эффективдүү жана коопсуз жол менен жоюу.
44 000 сомдон башталат
Кабыл алууга жазылыңыз
Иконка Көрүүнү лазердик түзөтүү
Алдынкы технологиялар көз айнек-линзадан коосуз жана оорутпай арылганга жол беришет.
18 000 сомдон башталат
Кабыл алууга жазылыңыз
Иконка Ортокератология
Балдар үчүн көз айнектен арылуу жана миопияны токтотуу. Ортокератологиялык линза (ОКЛ)- бул балаңыз уктап жатканда таасир берген атайын каттуу контакт линзалары
28 000 сомдон башталат
Кабыл алууга жазылыңыз
Иконка Витреоретиналдык хирургия
Көздүн эң татаал ооруларын заманбап деңгээлде дарылоо
135 000 сомдон башталат
Кабыл алууга жазылыңыз

Борбордун артыкчылыктары

Иконка
Жаңы жабдыктар
Биздин клиника көз ооруларын аныктоо жана дарылоо максатында заманбап стандарттарга ылайык жабдыктар менен жабдылган
Иконка
Жеке мамиле
Жогорку сапатта жардам берүү - биздин эң алдынкы максатыбыз. Келип, өзүңүз көрүңүз!
Иконка
Квалификациялуу дарыгерлер
Кабыл алууну 25 жылдан ашык тажрыйбасы бар жогорку категориядагы офтальмологдор тарабынан жүргүзүлөт
2017- жылы
Клиниканын Бишкекте ачылышы
16 000
Операциялардын жалпы саны
40 000
Пациеттердин
саны
6 жыл
Клиниканын тажрыйбасы

Биздин дарыгерлер

Операцияларды Орусия, Казакстандан келген тажрыйбалуу хирургдар жасашат
9
Мыкты дарыгерлер
Врач
Жолдошев Ѳмүрбек Бахридинович
Медициналык директор, рефракциялык офтальмохирург, биринчи категориядагы дарыгер, ESCRS мүчөсү
Ушаков Сергей Анатольевич
Офтальмохирург, медицина илимдеринин кандидаты, жогорку категориядагы дарыгер, витреоретиналдык патология боюнча адис
Габагуев Александр Юрьевич
Офтальмохирург, жогорку категориядагы дарыгер, ESCRS тин мүчөсү
Ремесников Игорь Александрович
Алдынкы рефракциялык офтальмохирург, медицина илимдеринин кандидаты, ESCRS мүчөсү
Джумагулова Аяна Олжобаевна
Офтальмолог, жогорку категориядагы дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты
Джумашалиев Чынгыз Салморбекович
Офтальмолог, биринчи категориядагы дарыгер, ортокератология боюнча адис
Врач
faq

Суроолор жана жооптор

Толук текшерүү канча турат?

Толук текшерүү 2500 сомду түзөт. Ал эми пенсиядагылар жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн 1500 сом.

Текшерүүгө эмнелер кирет?

Көздүн рефракциясын, кератометриясын, көрүүнүн курчтугун ченөө, айнек челдин, каректин диаметрин ченөө, көздүн басымын тийбей текшерүү, кератотопография аркылуу айнек челдин алдынкы жана арткы бетин текшерүү, аны менен бирге тийбей пахиметриясын (айнек челдин калыңдыгы) көрүү, көздүн түбүн (тор челди, көздүн нервин, кан тамырларын)текшерүү, көздүн өлчөмдөрүн ченөө. Дарыгердин сунушу менен тор челдин томографиясы (ОСТ) да жасалуусу мүмкүн. Толук текшерүүдөн кийин сизди дарыгер карап көрөт, консультация берет, дарылоо дайындап, тыянак чыгарып берет.

Кантип жазылса болот?

Төмөндөгү номурлар аркылуу жазылса болот: +996559013025 (WhatsApp), +996704009193, +9963129760007. Же болбосо сайт аркылуу билдирме калтырыңыз.

Дарыгер телефон аркылуу консультация бере алабы?

Эгреде биздин клиникадан текшерүүдөн өтүп, бирок түшүнүкүсүз суроолор пайда болсо, анда сиз бизге жазып же чалсаңыз болот. Ал эми биринчи жолуп кайрылып жаткан болсоңуз, сизге телефондон тешербей, аппараттардан өткөрбөй туруп так маалымат бере албайбыз. Консультация менен бирге дарыгердин көрсөтмөсүн толук текшерүүдөн кийин ала аласыз.

Кабыл алуу кезек мененби же алдын ала жазылуу керекпи?

Кабыл алуу жалаң алдын ала жазылуу аркылуу жүргүзүлөт

Каяка жайгашкансыздар? Кантип барсак болот? Кайсы коомдук транспорт барат?

Биз Чыңгыз Айтматов пр. 299/1 дарегинде жайгашканбыз. 2 GIS ке шилтеме: https://2gis.kg/bishkek/geo/70000001031733996. Төмөндөгү транспорт жүрөт: "Авангард" аялдамасына 8-автобус, 295, 265, 266, 307 чи каттамдагы микроавтобустар келет. "Ала-Арча" аялдамасына 146, 152 чи каттамдагы микроавтобустар келет.

LASIK менен FemtoLASIK методдордун айрымасы эмнеде?

LASIK менен FemtoLASIK методдорунун негизги айырмасы айнек челден кесиндини түзүүдө. LASIK те бул кесинди механикалык микрокератомдун жардамы менен кесилип түзүлөт. Ал эми FemtoLASIK те бул кесинди атайын буга арналган аппараттын - фемтосекунддук лазердин жардамы менен ажыратылып алынат. Ошол себептен FemtoLASIK жаңы, так жана коопсуз метод болуп эсептелет. Андан тышкары жасаганга көрсөтмөлөрү кененирээк.

Менен көрүүм 100 пайыз болобу ?

Түзөтүүнүн жыйынтыгын сиздин көз айнек же линзадан эң жакшы көрүүңүздүн денгээлине жараша божомолдой алабыз. Көрүү мындан да жакшы болушу мүмкүн, бирок жеке өзгөчөлүктөргө жараша болот.

Эмнеге лазердик түзөтүүнү 45 жаштан кийин жасатса болбойт?

Эгерде 40 жаштан кийин лазердик түзөтүү жасай турган болсо, киши жакынкы аралыкты көрө албай калат. Бул операциянын кемчилиги эмес, бул табигый, жашка жараша физиологиялык өзгөрүү болуп эсептелип, пресбиопия деп аталат. Мындай учурда көрүүнү бүт аралыкка жакшырткан мультифокалдуу интраокулярдык линзаларды орнотуу сунушталат.

Кимге лазердик түзөтүүнү жасатса болбойт?

Жашы 18 ге жете электерге, көздүн ар кандай катаракта, глаукома, тор челдин ажыроосу, айнек челдин оор оорулары аныкталса көрүүнү лазер менен түзөтүүнү жасаганга болбойт. Андан тышкары кээ бир системдүү оорулар болсо.

Канча убакытта көз айыгат?

Кайсы метод туура келээрине жараша айыгуу ар кандай болуусу ыктымал: бир канча сааттан бир канча күнгө чейин созулушу мүмкүн. Мисалга алсак, FemtoLASIK операциясынан кийин эртеси күндөн тарта пациент кадимки жашоого өтө алат. Ал эми ФРК операциясынан кийин айыгуу процесси бир канча жумага созулушу мүмкүн.

Эгерде айнек чел жука болсо кандай метод туура келет?

Эгерде айнек чел жука болсо, анда бул методдор сунушталуусу мүмкүн: Трансэпителиалдуу ФРК же StreamLight™ T-PRK No-Touch. Ал эми айнек чел жука болуп, бирок минустардын даражасы бийик болсо, анда эң коопсуз жол болуп чечекейдин жанына линза орнотуу болуп саналат.

Жаш балдарга лазердик түзөтүүнү жасатса болобу?

Көрүүнү лазердик түзөтүүнү жаш балдарга жасаганга мүмкүн эмес. Анткени алардын денеси толугу менен калыптана элек, ошол себептен көздүн рефракциясы өзгөрүүсү мүмкүн.

Канча жаштан баштап лазердик түзөтүү жасатса болот?

Көрүүнү лазердик түзөтүү процедурасын 18 жаштан жасаганга болот

Лазер көздү күйгүзүп салбайбы?

Мындай болушу мүмкүн эмес. Процедура баштан-аяк толугу менен автоматташтырылган жана кылдаттык менен көзөмөлдөнөт. Анын үстүнө лазердин иштөөсүнүн негизинде "муздак лазер" жатат.

Лазердик түзөтүүгө кандай анализдер талап кылынат?

Гепатат В, С жана АИВке (ВИЧ) анализ тапшыруу керек

Лазердик түзөтүүдөн кийин негативдүү учурлар болобу?

Операциянын кайсы түрү болбосун белгилүү кемчиликтерге же кыйыр таасирлерге ээ, ошо эле катарда көрүүнү лазердик түзөтүү да бар. Бирок алардын пайда болуу ыктымалдуулугу төмөн жана пайда болгон чакта да ар кандай кошумча процедура же дарылоо менен жакшы жыйынтыкка жетүүгө толугу менен мүмкүн. Булар жөнүндө толук текшерүүдөн өткөндөн кийин сизге тийешелүү параметрлердин негизинде дарыгериңиз толук айтып берет.

Көздүн минусун операциясыз дарыласа болобу? Витамин, көзгө тамчылар же Жданов, Норбеков боюнча көнүгүүлөр жардам береби?

Дүйнөлүк практикада бул жолдор далилденген эффекте ээ деп табылган эмес. Көз айнек же линза колдонуу сыяктуу оптикалык түзөтүү жолдору бар. Ал эми операция жолу менен көрүүнү лазердик түзөтүү, чечекейдин жанына линза орнотуу жана мультифокалдуу линзаларды колдонуу бар.

Мен лазердик түзөтүүдөн кийин көрбөй калбаймынбы?

Сизге сунушталган дарылоо ыкмасы эң коопсуз көз операцияларынын бири. Илимий адабияттарда сүрөттөлгөн кыйыр таасирлер өтө аз кездешет жана сокурлукка / начарлоого алып келбейт. Практикада сейрек кездешүүчү көйгөйлөр акысыз кошумча хирургиялык манипуляция жана/же активдүү дарылоо менен чечилет. Киши көрбөй калуусу мүмкүн эмес. Көрүүнү түзөтүү тарыхында мындай учурлар сүрөттөлгөн эмес.

Лазердик түзөтүүнү кайсыл мезгилде жасаткан оң болот?

Жылдын кайсы мезгилинде операцияны жасоо эч кандай мааниге ээ эмес. Эгерде сизде мезгилдик поллиноз же аллергия бар болсо, аны жөнгө салып, процедураны пландоого мүмкүн.

Натыйжа өмүр бою калабы?

Статистика боюнча жетишкен жыйынтыктын туруктуулугу өтө жогору деңгээли турат.

Операция оорутабы?

Пациенттер процедураны абдан жакшы көтөрүшөт. Оорутпайт, бирок процедура учурунда жана андан кийин бир канча саат ыңгайсыз болушу мүмкүн. Ал эми ФРК процедурасынан кийин 2-3 күндөй көзүңүз тынчыңызда алуусу мүмкүн.

Лазердик түзөтүүнү канча жолу жасатса болот?

Өмүрдө бир гана жолу жасатса болот, бирок сейрек учурларда кайрадан түзөтүү талап кылынуусу мүмкүн, көрүү началарлап калса, же башынан түзөтүү эки этап менен пландалган болсо.

Башка клиника мага кепилдик бере алды. А эмне үчүн сиздер кепилдик бере албайсыздар?

Медицинада кепилдик берүү ар дайым манипуляция жана бурмалоо болуп саналат. Биздин клиникада пациенттерди маалымдоо ачык-айкын жүргүзүлөт. Ошондуктан, операциядан мурун сиз хирургиянын белгилүү болгон бардык кыйыр таасирлерин ачык камтыган макулдук менен таанышып, кол коёсуз. Өз кезегинде биз мүмкүн болгон көйгөйлөрдүн ыктымалдуулугун азайтканга аракет жасайбыз — бардык дарылоо протоколдорун так сактайбыз, адистердин кесиптик деңгээлин дайыма жогорулатабыз, ошондой эле технологиялык жабдуу боюнча медициналык кызмат көрсөтүү сферасында лидер болуп саналабыз.

Кандай кепилдик бере аласыздар?

Ар бир операциябыз менен биз айтылган божомолдорду ырастайбыз — бул медицинада туура мамиле. Андан сырткары операциянын түрүнө жараша, зарыл учурларда бир айдан үч айга чейин акысыз көзөмөлөдөйбүз деп да кепилдик беребиз. Биз жөн гана сөз бербейбиз - биз өз ишибизди сапаттуу аткара алабыз кепилдик беребиз.

Бала эмизген учурунда лазердик түзөтүү жасатса болобу?

Жасатса болот, ФРК жана чечекейдин жанына линза орнотуудан тышкары.

Лазердик түзөтүүнү кош бойлуу кезде жасатса болобу?

Операция төрөттөн кийин гана жасалышы мүмкүн.

Лазердик түзөтүүдөн кийин төрөсө болобу?

Лазердик түзөтүү кош бойлуулуктун жана төрөттүн жүрүшүнө таптакыр таасир этпейт. Сиз өз алдынча төрөй аласыз.

Лазердик түзөтүүнү төрөгөгө чейин же төрөгөндөн кийин жасатуу керек?

Эч кандай айырмасы жок. Төрөт жана кош бойлуулук операциянын жыйынтыгына таасир этпейт.

Менин көзүм кылый. Көрүүнү түзөтүүнү жасатсам болобу?

Негизи көздүн кылый болуусунун себеби рефракциянын аномалиясы (миопия, гиперметропия, астигматизм) болуп эсептелет. Ошондуктан биринчи болуп себебин жоюу зарыл. Эгерде талап кылынса, көздүн кылыйлыгы экинчи этап менен операция болот.

Кимдер лазердик түзөтүүнү жасатса болбойт?

18 жашка чейинки балдарга, көздүн ар кандай оор оорулары бар болсо: катаракта, глаукома, тор чел жана айнек челдин оорулары, кант диабетинен улам өзгөрүүлөр болсо көрүүнү түзөтүү сунушталбайт.

Мага лазердик түзөтүүнү жасоодон баш тартышты, эмне кылуу керек?

Тилекке каршы, баарына тең лазердик түзөтүү жасай бергенге болбойт, бул процедурага белгилүү каршы көрсөтмөлөр бар. Эгерде сиз ушул адамдардын арасында болсоңуз, анда чечекейдин жанына линза орнотуу же чечекейди алмаштыруу сыяктуу альтернативалар бар.

Сиздерде бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү барбы?

Ооба, биздин борбордо операциянын бардык түрүн 3 банк аркылуу бөлүп төлөөгө болот: Халык-Банк, Бай-Тушум Банк жана Демир Банк.

Бизге тор челдин ажыроосу деген диагноз коюшту. Эмне кылуу керек?

Эгерде тор чел ажырап кетсе, тез аралыкта офтальмологко кайрылуу зарыл. Анткени кечиктирсе, бул сокурдукка чейин алып баруусу ыктымал. Адатта хирургия талап кылынат. Дарылоонун кандай түрү туура келээрин офтальмолог толук текшерүүдөн кийин гана так айта алат.

Катарактаны кантип дарыласа болот?

Катарактаны дарылоонун жалгыз эффективдүү жолу болуп катарактанын факоэмульсификациясы (ФЭК) эсептелет. Бул операциянын негизги максаты тунарган чечкейдин ордуна тунук жасалма линза орнотуу.

Кант диабети учурунда катарактага операция жасоого мүмкүнбү?

Оорунун өзү операция жасоого каршы көрсөтмө эмес, хирургиялык кийлигишүү катарактадан арылууга мүмкүндүк берет, бирок аны жүргүзүү каршы көрсөтмөлөр жок болгондо гана мүмкүн болот. Тереңирээк маалымат алуу үчүн сиз толук аппараттык текшерүүдөн жана дарыгердин текшерүүсүнөн өтүшүңүз керек

Катарактага операция канча убакытка созулушу мүмкүн?

Операциянын орточо убактысы 10-15 мүнөткө созулат .

Катарактага операция жасагандан соң глаукома пайда болот деп уккам. Бул маалымат чынбы?

Катаракта алынбай, өтүшүп кеткен учурда чечекейдин көлөмү чоңоюп, көздүн алдыңкы камерасын кысып баштайт. Бул себептен көздүн ичиндеги суюктуктун агымы бузулуп, натыйжада глаукома пайда болушу мүмкүн. Бул өтө кооптуу абал жана хирургиялык дарылоо жүргүзүлбөсө, көрүү биротоло жоголуу коркунучу бар.

Катарактаны даары-дармектер менен дарыласа болобу?

Дүйнөлүк практикада натыйжалуулугу далилденген катарактага каршы дары-дармектер жок.

Катарактага операциядан кийин көз канча убакта кабылыбына келет?

Көрүү толугу менен аз эле убакыттын ичинде калыбына келет, ал эми кадимки жашоого 10-15 күндүн аралыгында кайта берсе болот. Операциядан кийинки көрүү сапаты орнотулган линзанын түрүнө жараша болот.

Катарактага операциядан кийин кандай чектөөлөр бар?

Чечекейди алмаштыруу боюнча операциядан кийин убактылуу төмөнкү чектөөлөр бар: мончого же бассейнге баруу, оор жумуш менен алектенүү, кескин алдыга бүгүлүү ж.б. Режим жана чектөөлөр тууралуу операциянын алдында, ошондой эле операциядан кийин кеңири айтып беребиз.

Катарактага операция жасоо үчүн кандай анализдер талап кылынат?

• Кандын жалпы анализи • Кандагы глюкоза • Зааранын жалпы анализи • RW • АИВ (ВИЧ) • Гепатит «В» (HbsAg) вирусуна антиген • Гепатит «С» (Аnti-HCV) вирусуна антиген • Кандын уюшу же ПТИ • ЭКГ түшүндүрмөсү менен • Терапевт же кардиологтун операцияга каршы көрсөтмө жоктугу тууралуу тыянагы, мөөрү менен. • Флюорография түшүндүрмөсү менен

Эмне үчүн сиздерде башка клиникаларга караганда кымбат (же арзан)?

Операциянын баасы колдонулган жабдууларга жана материалдарга жараша болот. Колдонулуучу материалдарды үнөмдөп баасын арзан кылуу мүмкүн, бирок биз эң жакшы жыйынтык алуу максатында мыкты жабдууларды жана сапаттуу, бир жолу колдонулуучу материалдарды гана колдонобуз.

Сиздердин башка клиникаларга караганда кандай айырмачылыгыңыздар бар?

Биздин жабдуулар дүйнөнүн алдыңкы клиникаларына технологиялык жактан дал келет, ошондой эле хирургиялык активдүүлүктүн деңгээли башка өлкөлөрдүн клиникаларына караганда жогору. Дарыгерлерибиз илимий жана эл аралык конференцияларга үзгүлтүксүз катышып гана тим болбостон, аларда доклад да окуп турушат.

Менин көзүмдүн ичинде кара тактар бар. Эмне кылуу керек? Кайда кайрылуу керек?

Биздин борбордо толук текшерүүдөн өтүүңүз керек. Текшерүү болжол менен 1,5 саатка созулат. Дарыгер сизге так диагноз коюп, керектүү дарылоону жазып берет.

Эмне үчүн мен сиздердин клиниканыздардан операция жасатышым керек?

Буга бир канча себеп бар: бизде дүйнөлүк деңгээлдеги жабдуу орнотулган, көпчүлүгүнүн өлкөнүн башка клиникаларында аналогу жок. Биз жалаң жогорку квалификациядагы тажрыйбалуу өзүбүздүн өлкөндөн жана Орусия, Казактандан келген дарыгерлер эмгектенет. Биз офтальмологиялык операцияларды жасоо боюнча чоң тажрыйбабыз бар жана клиника иштеп баштагандан бери 16 000 ден ашуун операциялар жасалган.

Кандай жабдууларда операция жасайсыздар?

Биз дүйнөдөгү алдынкы өңдүрүүчү фирмалардын эң заманбап жабдыктарын колдонобуз: Alcon (Германия/АКШ), Huvitz (Корея), Topcon(Япония)

Көздүн ичинде тактар бар. Бул эмне?

Ар кандай формадагы жана өлчөмдөгү учуп жүргөн тактар айнек сымал заттын же тор челдин өзгөрүүсүнүн белгиси болуусу мүмкүн. Биздин борбордон текшерүүдөн өтүү керек, ошоно дарыгер тыянак чыгарат.

Түнкү линзаларды колдонууда курак боюнча чек барбы?

Чектөөлөр бар. Ортокератологиялык же түнкү линзаларды кишилер жана балдар 6 жаштан баштап колдонсо болот.

Ортокератологиялык линзалар миопияны дырылоого жардам бере алабы?

Тилеке каршы жок, бирок анын өрчүп кетүүсүнүн алдын алат.

Мага тор челди бекемдөөнү сунушташты. А мен биринчи көздүн көрүүсүн жакшыртып, андан кийин бекемдөөгө келсем болобу?

Алгач болуп албетте тор челдин перифериясындагы дистрофиялык өзгөрүүлөрүн лазер менен бекемдөө зарыл. Бул тор челдин ажырап кетүү коркунучун азайтат. Андан кийин гана көрүүнү жакшыртуу боюнча процедураны жасоого мүкүн. Экөөнүн ордун алмаштырып жасаганга болбойт.

Операциядан кийин мен жакшы жана так көрөт элем. Азыр болсо начарлап калгандай.

Ооба ушундай эффект байкалышы мүмкүн. Алгач операциядан кийин көрүү жакшырганда баш мээ жаңы көрүүнү өтө курч кабыл алат. Бирок убакыт өткөн сайын мээ адаптация болот, курч сезимдер бир аз азаят, ушул себептен көрүү начарлагандай байкалышы мүмкүн. Бирок көздү текшерүүдө көрүү жакшы экендиги тастыкталат.

Лазердик түзөтүүдөн кийин сол көзүм оң көзүмө караганда жакшыраак көрүп калды (же тескерисинче). Эки көзүмдү салыштырганда айрыма болуп жатат.

Көрүү процесси дайыма эки көз менен чогуу ишке ашат. Эки көздүн бир аз айырмачылыгы дээрлик бардык учурда байкалат, операция жасалса да, жасалбаса да. Демейде бул көрүнүштү байкабайбыз, бирок операциядан кийин эки көздү өз алдынча салыштырганда байкалып калат. Операциядан кийин көз жаңы көрүүгө көнүүсү зарыл, буга убак талап кылынат, а сиз болсо эки көздүү салыштыбооңуз абзел. Акырындап көрүү кадимкидей болуп, көнүп калганыңызда айырмасын көп байкабай каласыз. Албетте бул нерсе тынчыңызды алып жатса кайрылуу керек, биз толук текшерип көрүп, көздүн абалы жакшы экендигин тастыктабышыз зарыл.

Пациенттердиной-пикирлери

@olc_bishkek

Биздин Instagram

Биздин Instagram га катталыңыз жана бардык жаңылыктардан
кабардар болуңуз. Колдонмонун ичинен Direct
аркылуу текшерүүгө жазылууга да болот.