Жолдошев Ѳмүрбек Бахридинович

Медициналык директор, рефракциялык офтальмохирург, биринчи категориядагы дарыгер, ESCRS мүчөсү
@dr_omurbek_zholdosh
Билими:

2014 жылы И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясын аяктаган.

2014- 2016 жж ушул эле жогорку окуу жайдын базасында офтальмология боюнча ординатурадан өткөн

 

Эмгек ишмердүүлүгү:

2016–2018-жж. — КБСМПнын “Көз травмасы” бөлүмүнүн врач-офтальмологу. Кошумча — Тентишев атындагы Азия медициналык институтунун көз оорулары кафедрасынын ассистенти.

2018-жылдан азыркы убакытка чейин — “Офтальмологиялык лазер борбору” клиникасында иштейт.

Жоопкерчиликтери:

Офтальмологияда лазердик дарылоонун бардык түрлөрү боюнча адис. Катарактаны алып салуу боюнча операцияларды (факоэмульсификация), ошондой эле птеригиумду хирургиялык дарылоону аткарат.

 

Илимий-практикалык иши:

Кыргыз Республикасынын офтальмологдор коомунун илимий-практикалык конференцияларына жана эл аралык офтальмологиялык конгресстерине үзгүлтүксүз катышып турат

2015 ж. — Офтальмология боюнча IV Борбордук Азия конференциясы, Ысык-Көл.

2017 ж. — «Белые ночи» эл аралык офтальмологдор конференциясы, Санкт-Петербург.

2017 ж. — КНКП жана Швейцариянын Кызыл Крестинин «RAAB Кыргызстан 2017» долбооруна катышуу.

2018 ж. — «Офтальмологияда лазердик технологиялар» квалификациясын жогорулатуу, «Астана Вижн» клиникасы, Астана.

2019 ж. — «Фемтосекунддук лазерди колдонуу менен көздүн тунук кабыгына эксимерлазердик хирургия» квалификациясын жогорулатуу, С.Н. Фёдоров атындагы МНТК, Москва.

2021 ж. — «Офтальмологиядагы лазердик технологиялар» квалификациясын жогорулатуу, Улуттук медициналык билим берүү борбору, Астана.

2021 ж. — “Sochi-Cornea 2021” эл аралык офтальмологиялык конгрессине катышуу, Сочи.

2023 ж. — ESCRS 2023 эл аралык офтальмологиялык конгрессине катышуу, Вена.

2023–2025 жж. — Түрк тилдүү өлкөлөрдүн офтальмологдор коомунун жыйынында көздү лазердик коррекциялоо темасында докладдар.

2025 ж. — YOSICON 2025 эл аралык конференциясында доклад, Нью-Дели.

2025 ж. — Кыргыз Республикасында SmartSight® технологиясын киргизгендиги үчүн Schwind компаниясынын сыйлыгы.