Туура диагноз коюу үчүн биз сөзсүз түрдө сиздин көзүңүзүдүн көрүүсүн толук текшерүүдөн өткөрөбүз. Эгер сизде башка клиникалардын текшерүү баракчасы бар болсо дагы, биз аларды кабыл ала албайбыз, анткени биз башка клиникалардын жабдууларына жооп бере албайбыз. Себеби, дарыгерлердин квалификациясын жана изилдөө жүргүзүү шарттарын билбейбиз.

OLC клиникасында толук текшерүүнүн 8 жол-жобосу каралат. Эгерде сиз лазердик түзөтүү операциясын жасатам десеңиз, дагы бир кошумча процедурадан өтөсүз.

Натыйжада, биз сиздин көзүңүздүн так картасын жана көзүңүздүн көрүүсүн кантип так жакшырта аларыңызды билебиз.

8 процедура – бул:

  1. Айнек челдин ийрилигин негизги меридианда өлчөө. Бул текшерүү айнек челдин томпосун жана башка өзгөчөлүктөрүн түшүнүүгө жардам берет.
  2. Айнек челдин калыңдыгын өлчөө. Бул, биринчи кезекте лазердик түзөтүү жасоо мүмкүнбү түшүнүүгө жардам берет. Өтө ичке болсо – бул каршы көрсөткүч.
  3. Көрүү курчтугун өлчөө. Таблицада текшерүү. Бул текшерүүдөн кийин биз көздүн көрүүсү жалпы кабыл алынган 100% стандартынан кандайча айырмаланарын түшүнөбүз. Айтмакчы, кээ бир адамдардын табигый көрүүсү 100дөн жогору болсо, биздин көптөгөн пациентерибиз катаракта операциясы жана лазердик түзөтүүдөн кийин көрүсүү 110-120% болуп калат.
  4. Көз алмасынын анатомиялык параметрлерин өлчөө. Көз алмасынын анатомиялык түзүлүшүн миллиметрдин ондон бир бөлүгү тактык менен текшерип, патологияларды жана аномалияларды издейбиз.
  5. Көздүн ички басымын өлчөө. Бул көздүн мазмуну көздүн айнек челине жана склераны басып турган күч. Төмөн жана бийик – катаракта, глаукома жана башка оорулардын белгилери.
  6. Гониоскопия. Бул атайын аппаратта көздүн алдыңкы камерасын текшеребиз. Бул жерде глаукома пайда болушу мумкун.
  7. Диоптриядагы сынуу каталарынын сфералык жана астигматикалык компоненттеринин чоңдугун өлчөө. Башкача айтканда, астигматизм барбы, кайсы стадияда экенин текшеребиз.
  8. Голдман линзасы менен кеңейген көздүн кареги менен дарыгердин текшерүүсү. Көздүн тор челинин бөлүнүшүн аныктоо ыкмасы.

Лазердик түзөтүү үчүн Pentacam аппаратында текшерүүдөн өтүү зарыл. Ал көз алмасынын түзүлүшүн көрсөтөт, көздүн айнек челин бузулууларын жана кээ бир башка параметрлерди оңдойт, аларды окулист үчүн түшүнүктүү үч өлчөмдүү таблицаларда көрсөтөт.

Толук текшерүү 1-1,5 саатка созулат. Текшерүү үчүрда каректерди кеңейтүү үчүн тамчыларды тамгызабыз. Текшерүүнүн узактыгы пациенттин көзүнүн канчалык тез кеңейгенине жараша болот. Бул кандайдыр бир жол менен көзөмөлдөнбөгөн жеке өзгөчөлүктөр. 

Текшерүүгө унаа айдабай, кара көз айнек тагынып келүүнү сунуштайбыз. Андан кийин, фотофобия жана мейкиндиктер бир аз дезориентация бир нече убакытка чейин созулат.

Көрүүнү лазердик түзөтүү: 

Көрүүнү лазердик түзөтүү  – астигматизмди, миопияны оңдоо ыкмасы.

Бул оорутпаган, аз травмалуу жана тез операция. Операция 10 мүнөткө созулат жана бир жолу жана өмүр бою жасалат.

Лазердик түзөтүү 18 жаштан жогору адамдарга ылайыктуу, 18-ге чыга элек жаш балдарга бул операция жасоо мүмкүн эмес, анткени көз алмасы толук калыптана элек жана өсүүдө болот.

Каршы көрсөткүчтөр көздүн кээ бир оорулары жана патологиясы болуп саналат. Алгач толук текшерүдөн өтүшүңүз зарыл.

Бул жерде биздин клиникада лазердик түзөтүүдөн өткөн адамдардын кээ бир ой-пикирлери жана көрсөтмөлөрү бар.(ссылку надо вставить)

Катаракта

Катаракта – адамдын чечекейинин тунарып калган оорусу.

Чечекей – бул көздүн ичиндеги линза, ал жарыкты тор челге багыттайт. Эгерде линза тунук болсо, анда сүрөт ачык болот. Тунарып турса, анда бүдөмүк. Катаракта менен ооруган адам баарын бүдөмүк жана саргыч түстө көрө баштайт жана акырында айрымалай албай калат.

Катарактаны хирургиялык жол менен гана дарылайт – линзаңызды жасалма линзага алмаштыруу. Бул коопсуз, оорутпаган жана абдан тез операция. Линзаны алмаштыруу үчүн алгач катарактаны алып салуу керек. Бул үчүн биз жаңы Alcon Centurion™ аппаратын колдонобуз. Бул коопсуз жана андан кийин калыбына келтирүү абдан тез өтүүчү операция.

Операциядан кийин пациенттин канчалык жакшы көрүшү алар тандаган жасалма линзадан (көздүн ички линзасынан –  ИОЛ) көз каранды.

Операцияга чейин толук текшерүүдөн өтүп, дарыгерден кеңеш алуу зарыл. Дарыгер линзалардын түрлөрү жөнүндө көбүрөөк айтып берет, алар кандайча айырмаланарын көрсөтүп, туурасын тандоого жардам берет.