“Көзүңдү сакта, көз маанилуу орган!

“Көзүңдү сакта, көз маанилуу орган” деп энелер балдарына алардын оюнун көрүп айтышат. Бирок, улуу адамдарга көрүү жөндөмдүүлүгү көрүүгө гана  берилген катары кабылдап, көз менен көйгөйлөр жаралганда көз түзүлүшүнүн уникалдуулугу жана алардын морттугу жөнүндө, анын ролун ойлонууга түрткү берет. Башка дарыгерлерге профилактикалык текшерүүлөргө биз кээде барабыз, бирок кадимкидей көргөн адамдардын кайсынысында “өз” офтальмологу бар? Сиз акыркы жолу качан көз дарыгерине бардыңыз эле? Бирок глаукома сыяктуу көз оорулары бар, алгач сиз үчүн ал ачык симптомдор билинбейт, бирок квалификациялуу офтальмолог дароо биле алат. Ошол эле учурда, телефондорго жана компьютерлерге чөмүлгөндүктөн, акыркы жылдары көздүн түйшүгү көбөйдү, ошондуктан азыр ар бир экинчисинде “кургак көз синдрому”, ал тургай жашка байланыштуу көрүүнүн төмөндөшү катары аныкталган катаракта азыр олуттуу “жашарып” калды. Көбүнчө көздүн кызарышы, көздүн кычышуусу, көздүн оорушу, көздө кум бар сыяктуу болуу, убактылуу булангыр сыяктуу белгилерге көңүл бурбайбыз. Ал тургай качан көз ооруп баштаганда биз өзүбүз ар кандай көз тамчыларын тамызып баштайбыз. Көзүбүздү текшертүүгө шашпайбыз. Ал эми көз айнек жана линзалардан тажагандар үчүн бир нече мүнөттүн ичинде көз ооруларынын толук текшерүүсү жана 15 мүнөттүн ичинде көрүүнүн лазердик түзөтүүсү — бул алыскы келечектин фантазиясы эмес. Эң мыкты аппараттар менен жабдылган клиника – “Офтальмологиялык Лазердик борбору”. Лазердик көрүүнү түзөтүү – бул миопия, гиперметропия жана астигматизм сыяктуу көйгөйлөрү бар көпчүлүк адамдар үчүн өмүр бою өзгөрүлбөгөн натыйжа менен көрүүнү калыбына келтирүү. Тор челди, чечекейдин жанына линза орнотуу жана катарактаны лазер менен дарылоо аз убакытты талап кылат. Сиздер билгендей көздүн микрохирургиясы бүгүн бир мүнөттүк иш! Жана биздин өлкөнүн жашоочуларына эң жогорку деңгээлдеги офтальмологиялык жардам алуу үчүн чет өлкөгө баруунун кажети жок, анткени “Офтальмологиялык Лазердик борбордон” эң мыкты дарыланууга болот! Даана көрүү жөнүндө кыялдарыңыздын аткарылышын кечиктирбеңиз, биздин клиникага келип, баарын өзүңүз көрүп кетиңиз!