Жолдошев Ѳмүрбек Бахридинович
2014 жылы И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктаган. 2014- 2016 жж ушул эле жогорку окуу жайдын базасында офтальмология боюнча ординатурадан өткөн
Бишкек улуттук травматология жана ортопедия институнун “Көз травмасы” бөлүмүндө офтальмолог болуп эмгектенген. Жумушунун негизги багыттары болуп көздүн алдынкы бөлүгүнүн хирургиясы, интравитреалдык дары-дармектерди колдонуу болуп эсептелген. Көздүн травмасына чалдыккан бейтаптарга амбулатордук жана стационардык жардам көрсөткөн.
Ошону менен бирге Тентимишев атындагы Азия медициналык институтунун көз оорулары кафедрасында ассистент болуп иштеген.
Кыргыз Республикасынын офтальмологтор коомунун илимий иштерге багытталган конференцияларына, эл аралык конференцияларга катышып келет
- 2015 ж – IV Борбор Азиялык офтальмологтор конференциясынын катышуучусу, Ыссык-Көл
- 2016 ж – 6-чы Кыргызстандын офтальмологторунун эл аралык глаукома мектебинин катушуучусу, Бишкек ш.
- 2017 ж – “Белые ночи” эл аралык офтальмологтордун конференциясынын катышуучусу, Санкт-Петербург ш.
- 2018 ж – “Астана Вижн” клиникасында “Офтальмологиядагы лазер технологиясы” багытында квалификациясын жогорулатуу, Астана ш.
- Кызыл Жарым Ай коомунун жана Швейцариялык кызыл кресттин “RAAB Кыргызстан 2017” проектисинин катышуучусу
- 2019 ж – С.Н. Федоров атындагы МНТКнын базасында “Фемтосекунд лазерин колнодуп, айнек челдин эксимерлазердик хирургиясы” темасында квалификациясын жогорулатуу, Москва ш.
- 2021 ж – Улуттук медициналык билим берүү борборунда “Офтальмологиядагы лазер технологиясы” темасында квалификациясын жогорулатуу, Астана ш.